Ош шаарында тоннасы 4800 сомдон көмүр сатыла баштады. Дареги

 Ош шаарында тоннасы 4800 сомдон көмүр сатыла баштады. Дареги

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы атайын отун базаларды ачып, Ош облусуна “Загара” көмүр кенинен ташылып келген кара алтындын бир тоннасы 4800 сомдон  сатыла баштады. Бул туурасында Энергетика министрлигинен билдиришти.

Көмүр сатып алууну каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:

Даректери:

-Бирлешкен айылы;

-Жапалак айыл өкмөтү;

-Туран кичи шаарчасы;

-Амир-Темир кичи шаарчасы.

Буга чейин Кара-Кече көмүр кенинен ушул жылдын август айынан ноябрга чейин 555 миң тонна көмүр казылып чыкты. Анын ичинен 317 миң тонна калкка, 295 миң тонна Бишкек ЖЭБге ташылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар