Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

 Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Ош шаардык мэриясы калаанын айрым аймактарында таза берүү убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

“Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Андыктан таза суу камдап алууңуздарды суранабыз. ” – деп айтылат маалыматта.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200 105.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар