Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров эскерилди

 Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Бүгүн, 12-январда Ош шаарында белгилүү акын жана композитор Рыспай Абдыкадыровду эскерүү ишчарасы болуп өттү. Ош мэриясынан билдиргендей, эскерүү кечесине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, чыгармачыл инсандар, жазуучулар жана журналисттер катышты. 

Иш-чаранын алкагында Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясынын жанындагы эстеликтин алдында митинг-реквием өтүп, гүл коюлду.

Мында чогулгандар Рыспай Абдыкадыровдун улуттук маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымын баса белгилешти. Мындан сырткары филармониянын өнөр адамдары маркумдун ырларын аткарышты.

Эске сала кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. 1994-жылы 12-сентябрда көз жумган. Маркум Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 200дөн ашык ырдын автору.

Жанылыктар