Ош шаарында Орозо айт намазы борбордук аянтта окулат

 Ош шаарында Орозо айт намазы борбордук аянтта окулат

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, Орозо айт намазы шаардын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу вице-мэр Венера Рыскулова жетектеген Орозо айт намазын окууну уюштуруу комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Жыйында тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнө уюштуруу маселелерин чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Орозо айт намазы 2-майда саат 07:30да окулуп баштайт.

Жанылыктар