Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

 Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алынып келинип, гимн аткарылган учурда туу көтөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар, аскер кызматкерлери жана активисттер катышты.

Белгилесек, мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Мамлекеттик туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар