Ош шаарында коопсуз шаар долбоору качан иштеп баштайт? Имановдун жообу

Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-январдагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош шаарында коопсуз шаар долбоору боюнча маселе көтөрүп, санарип өнүктүрүү министрлигине талапкер Талантбек Имановго суроо берди.
«Ош шаарындагы коопсуз шаар боюнча суроо берип жооп алалбадым. Качан бүтүрөсүңөр Ош шаарындагы коопсуз шаар долбоорун? Биз баарын жасап бергенбиз. Дагы деле бүтпөй турат. Жаздан күзгө жылдырган. Мына азыр дагы узарып кетти. Бир жылдан ашып кетти»,- деди Сарыбашов.
Санарип өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Иманов Ош шаарында коопсуз шаар долбоору быйыл иштеп баштай турганын билдирди.
«22-жылдын планында бар. Ош шаары экинчи этапка кирет экен. 22-жылы бүтүрөбүз»,- деди Иманов.