Ош шаарында каналдан 53 жаштагы кишинин сөөгү табылды

 Ош шаарында каналдан 53 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Ош шаарында куткаруучулар суудан 53 жаштагы эркектин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 19:20 чамасында 1969-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек киши Южный каналына чөгүп кеткен.

“Кечээ, 21-августта жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер жана туугандарынан 4 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 12:16да куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”, – деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар