Ош шаарында күн сайын кечкисин коомдук транспорттор текшерилип жатат

Ош шаарынын аймагында жүргүнчү ташыган кичи автобустарга болгон кечки рейд улантылып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 21-декабрда мэриядан, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен түзүлгөн комиссия аялдамаларга барып, коомдук транспорттордун интервалда белгиленген тартипте иштеп жатканын текшерүүгө алды. Жыйынтыгында №113, №142, №106, №146, №116 маршруттук линиялар саат 20:30дан кийин узак убакытта каттап жатканы белгилүү болду.
Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди. Мындай рейд күн сайын өткөрүлүп жатат деп айтылат маалыматта.