Ошто 5 млн сом уурдоого шектелип, 15 жаштагы эки өспүрүм кармалды

 Ошто 5 млн сом уурдоого шектелип, 15 жаштагы эки өспүрүм кармалды

Ош шаарында ири суммадагы уурулук жасаган жаш балдар кармалды. Бул тууралуу милициянын бачма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 15 жаштагы Д.М. жана Н.А аттуу эки тургуну кармалган. Кылмыштын негизги уюштуруучусу Д.М. жаш мурда 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган.  Шектүүлөр 22-январь күнү А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан, эл көп барган кафелердин бирине түнкүсүн терезеси аркылуу уурулукка киришип, жалпы суммасы  5 млн.(5000 000) сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкен.

“Өспүрүмдөр кармалышкан жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Шектүүлөр уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн бекиткен жеринен таап беришти. Бирок, аз убакыт ичинеде 480 миӊ сом акчаны өз кызыкчылыгына  иштетишип, ар кимге берип үлгүрүшкөн”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү балдар Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын  тергөө абагында  кармалууда. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин  205-беренесинин негизинде  кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Жанылыктар