ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ош шаарында дем алыш күндөрү ишембилик өтөт

 Ош шаарында дем алыш күндөрү ишембилик өтөт

Ош шаарында 3-4-декабрь күндөрү массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, эки күн катары менен ишембиликтин катышуучулары шаар айланасын тазалап, иретке келтиришет.

Ош мэриясы жалпы шаардын тургундарын, менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканалардын жамааттарын ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Жанылыктар