Ош шаарында бокс боюнча чемпионат өтүүдө

Ош шаарында 2005-2006-жылдары туулган спортчулар арасында бокс боюнча чемпионат өтүүдө. Турнирге жалпысынан спорткомитетке караштуу шаардык спорт мектептеринен 100гө жакын спортчулар катышууда.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, дипломдор, баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.
Чемпионат тандоо болуп саналып, анын жеңүүчүлөрү жаштар арасындагы бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын катышуучулары болушат.