Ош шаарында бешинчи кабаттан эки окуучу кыз боюн таштап, бирөө каза болду

 Ош шаарында бешинчи кабаттан эки окуучу кыз боюн таштап, бирөө каза болду

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 17-мартта Ош шаарынын К. Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу, классташ кыздар көп кабаттуу үйдүн чатырынан бойлорун таштап бирөө каза болду. Экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, окуучу кыздар А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9-үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен.

“Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери  тарабынан быйыл эле педагогикалык жамаат менен биргеликте аталган орто мектепте бир нече ирет профилактикалык, түшүндүрүү иш чаралары өткөрүлгөн. Андан сырткары аймакты тейлеген милициянын кызматкерлери тарабынан тынымсыз алдын алуу иш чаралары өткөрүлүп турган.   Акыркы ирет 4-март күнү дагы ал мектепте ушундай жолугушуу өтүп, анда милиция кызматкерлери, муниципиалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, психологдор дагы катышып, жаш балдардын кылмыштуулуктан алыс болуусу, суициддин алдын алуу иштери тууралуу сөздөр, суроо-жооптор болгон. (Бул тууралуу акыркы  жарыяланган маалыматтын ссылкасы тиркелет”,- деп айтылат маалыматта.

Тилекке каршы, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй,  арадан аз убакыт өтүп, аталган К. Маркс атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан көп кабаттуу үйдөн бойлорун таштоо фактысы катталып жатат.

Учурда бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Жанылыктар