Ош шаарында «Аялдар баш калкалоочу жай» спектакли өттү

 Ош шаарында «Аялдар баш калкалоочу жай» спектакли өттү

2-декабрда Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры Ош шаарында «Аялдар баш калкалоочу жай» спектаклин тартуулады. Спектакль гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык кампаниянын алкагында «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен кѳрсѳтүлдү.

Түрк жазуучусу жана драматургу Тунжер Жуженоглунун «Kadın Sığınağı» пьесасынын негизинде коюлган «Аялдар баш калкалоочу жай» спектакли 2022-жылдын июнь айында Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында алгач ирет коюлган. 2022-жылдын сентябрь айында спектакль Түркияда театр фестивалынын алкагында тартууланган.

Спектаклде зордук-зомбулуктан качып кутулган сегиз аялдын чакан гана баш калкалоочу жайдын бир күнүндөгү окуялары көрсөтүлдү. Ал 4-декабрда Жалал-Абадда да коюлду.

16 күндүк өнөктүк – жыл сайын өтүүчү эл аралык кампания; ал 25-ноябрда, Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндѳ башталып, 10-декабрга, Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин созулат. Акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана чакыруу максатында өткөрүлѳт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар