Ош шаарында Алиев көчөсү пайдаланууга берилди

 Ош шаарында Алиев көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Эргеш Алиев көчөсүн асфальттоо иштери аягына чыгып, бүгүнтөн тарта унаа каттамына уруксат берилди. Бүгүн мэр Алмаз Мамбетов тийиштүү тармактын жетекчилери менен бирге курулуштун жыйынтыгын көрүп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Узундугу бир чакырымды түзгөн жолго эки катмар асфальт төшөлүп, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар курулду. Көчөнүн эки тарабын жашылдандыруу үчүн бак-дарактар отургузулуп, ирригациялык лотоктор орнотулду.

Буга чейин Алиев көчөсүндө унаалар бир багыттуу гана жүрүп келсе, эми эки тараптуу каттай алышат.

Жанылыктар