Ошто Агро Экспо — 2023 жарманкеси өтүп жатат

 Ошто Агро Экспо — 2023 жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу” деген темада Агро Экспо — 2023 жарманкеси ачылып, ага дыйкандар жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, жаңы технологияларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү өндүрүүчүлөр катышып жатат.

Иш-чаранын ачылышына Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, “ТЭС-центр” коомдук фондунун уюштуруу тобунун жетекчиси Бактыгүл Сатыкулова, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстан жана Россиянын айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

“Агро Экспо—2023” иш-чарасында төмөндөгү продукциялар бир аянчага топтолот:

  • айыл чарбасындагы ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар;
  • айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү;
  • өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана жер семирткичтер;
  • асыл тукум мал чарбасы;
  • мал чарбасын өнүктүрүү үчүн продукциялар;
  • көчөттөр жана башка жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн табийгый товарлары.

Мындан сырткары акысыз кеңеш берүүлөр жана агросервистер жөнүндө маалыматтар берилет;

  • тармактык конференциялар;
  • агрономдун кеңеш берүү аянты;
  • мал чарба боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
  • балчылык боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
  • айыл чарба тармагында кирешени көбөйтүүчү кызматтар;
  • Финансы жана инвестициялык кызматтар жөнүндө маалыматтар берилет. Жарманке 2-3-мартта өтөт.

Жанылыктар