ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ош шаарында 7 бөлмөлүү үй толугу менен күйдү

 Ош шаарында 7 бөлмөлүү үй толугу менен күйдү

Ош шаарында 7 бөлмөлүү үй толугу менен күйүп кеткен. Кырсык кечээ, 30-Ноябрь күнү кечки саат 20:30 чамасында калаанын Крупская көчөсүндөгү 25- үйдөн чыккан.

Тилсиз жоо катталган жерге алгач ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү өрт өчүрүү кызматы барган. Турак үйлөр жыш жайгашкандыктан кошумча жардам чакырылган. Мындан сырткары милиция жана электр  кызматкерлери чакырылып, жарыкты убагында өчүргөн.

Өрттүн келип чыгуусуна отко этиятсыз мамиле жасоо себеп болгон. Жакын жайгашкан үйлөргө от тутанган эмес. Атабаев көчөсүндө гана бир үйдүн чаатырына өрт өткөн. Бирок өз убагында өчүрүлгөн.

Үй ээсинин берген маалыматына караганда ал меште тамак  жатканда жалыны көтөрүлүп кеткендигин.  Эшикке чыгып келгенге чейин үйдү жалын каптай баштаган. Үйдөгү балдарын куткарууга гана жетишкен. Тилсиз жоо убагында өчүрүлүп, эч ким жабыркаган эмес.

Учурда ӨКМ кызматкерлери кетирилген чыгымды тактап жатат. Үйдү калыбына келтирүү үчүн кошуналары, тугандары жардам берүүдө.

Жанылыктар