Ош шаарына 3022 жыл! Калаанын сиз көрө элек сүрөттөрү

 Ош шаарына 3022 жыл! Калаанын сиз көрө элек сүрөттөрү

Бүгүн, 5-октябрь — Ош шаарынын күнү. Шаарга 3022 жыл толду. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Болжол менен 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Кылым карыткан байыркы шаардын архивдик жана азыркы сүрөттөр топтомун сунуш кылабыз.

 

 

Ош – Б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. 8–10-кылымдарды  Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.

 

 

Ош шаарында кыргыз,  өзбөк, орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан сыяктуу көп улуттуу эли бар. Калкынын саны — 322 164 адам. Бейрасмий маалыматтар боюнча 500 000 миңден ашат деп айтылат. Ош шаары Кыргызстандын экинчи борбор калаасы.  Ош Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы менен атактуу.

 

 

Жанылыктар