Ош шаарына Өзбекстандан жаңы автобустар келди

 Ош шаарына Өзбекстандан жаңы автобустар келди

Ош шаарына Өзбекстандан жаңы 35 автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарга Өзбекстандын “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и келди. Калганы 26-сентябрда келет.

“Учурда Самарканд автомобиль заводунун адистери айдоочуларды даярдоо иштерин жүргүзүүдө. 70 айдоочу окуудан өтүүдө. Жакынкы арада автобустарды линияга чыгаруу пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясы менен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду Ош шаарына Өзбекстандан 50 автобус алып келүү боюнча келишимге кол койгон.

Жанылыктар