Ош шаарына Өзбекстандан жаңы автобустар келди

 Ош шаарына Өзбекстандан жаңы автобустар келди

Ош шаарына Өзбекстандан жаңы 50 автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

“Автобустардын баасы 37 миң доллардан турат. Аларды эки күндүн ичинде линияга чыгаруу пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясы менен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду Ош шаарына Өзбекстандан 50 автобус алып келүү боюнча келишимге кол койгон.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар