Ош шаардык соту турак-жай кооперативинин жетекчиси Б. Алиевди үй камагына чыгарды

Кечээ, 22-мартта Ош шаардык соту «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды. Маалыматты шаардык соттон кабарлашты.
Буга чейин 16-мартта «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси катары таанымал Бакыт Аалиев ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган. Аталган кооперативдин үстүнөн 24 арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген сумма 40 миллион сомдон ашкан.
Үй алалбай жүргөн жарандар чогулуп, аталган турак-жай кооперативинин ишин токтотуп, жетекчисине карата адилеттүү чара көрүп берүүнү суранышкан.