Ош шаардык кеңешинин төрагасы кызматтык унаа сатып алды

 Ош шаардык кеңешинин төрагасы кызматтык унаа сатып алды

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков казынанын эсебинен кызматтык унаа сатып алды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, тендерди Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы 4-февралда жарыялаган. Сынакка катышкан эки фирманын ичинен «Мега Сервис» ЖЧКсы 748 миң 500 сунуштап, жеңүүчү болгон.

Техникалык мүнөздөмөсүндө автоунаа 2013-2018-жылдары Япониядан чыккан, ак түстөгү машина болушу керектиги жазылган.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы автогараждын мурдагы жетекчиси Нурлан Турпаевдин айтымында, Салман Назылбековго Toyota Camry 55 кузовундогу автоунаа сатып алынган. Ал эми мурдагы кызматтык унааны оңдоого үч жүз миң сомдой акча кетет.

«Менин боюнча билишим мурдагы кызматтык унаа үч-төрт жылдан бери турат бузук бойдон. Баягындай майда-чүйдө болсо оңдоп коёт элек. Анын мотору бузулган. Ага үч жүз миңдей акча кетет экен»,- деди Турпаев.

Кечээ, 1-мартта Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилгенин кабарлап, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттин эсебинен кызматтык унаа алууга жана имараттарга капиталдык ремонт жасоо үчүн тендер жарыялоого убактылуу тыюу салынганын билдирген.

Мындай аракеттер Кыргызстандын президентинин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында жасалууда. Финансы министрлигине бул багыт боюнча көрүлө турган чаралардын программасын иштеп чыгуу тапшырылган. Мында бюджеттик каражатты 2022-2023-жылдарга карата эффективдүү колдонуу маселеси дагы камтылган.

Жанылыктар