Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды

 Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды

Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин мурдагы жетекчиси Данияр Кадырбердиев кармалды. Бул тууралуу жеке булактар билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кадырбердиев Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинде иштеп турганда 26 миллион сом электр энергиясына болгон дебитортук карыздарды мыйзамсыз эсепен чыгарып жиберип мамлекетке ири суммада зыян келтиргени аныкталган.

Жыйынтыгында КРнын КЖКнин 336-ст. 1-болугу менен айыбы угузузулуп камака алынган. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, коррупция беренесине шектелип жатат.

Жеке булактар кошумчалагандай, Кадырбердиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун аяш уулу болчу.

Жанылыктар