Ош: Сатылганов багынан Навои паркына чейинки аймакка батут, аттракциондорду орнотууга тыюу салынды

 Ош: Сатылганов багынан Навои паркына чейинки аймакка батут, аттракциондорду орнотууга тыюу салынды

Ошто Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактан Навои паркына чейинки аймактарга батут жана аттракциондорду орнотууга тыюу салынды.

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында шаардык кеңештин депутаттарынын XIII сессиясы өттү Анын жүрүшүндө депутат Болот Баетов Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактан Навои паркына чейинки аймакка ар кандай көңүл ачуучу жайларды иштетүүнү тартипке келтирүү маселесин көтөрдү.

Тагыраагы аталган аймакка, ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы парктын өзүнө аттракциондорду, батуттарды орнотууну тыюу салууну сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 32 депутаттын 31и бул сунушту колдоду.

Жанылыктар