Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, унаа кыймылына чектөө киргизилүүдө

 Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, унаа кыймылына чектөө киргизилүүдө

Ош облусунун Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилүүдө. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, автожолдун 167-169 жана 171-173-чакырымдарында кар көчкү түшкөн.

Учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алдыдагы унаа менен болгон аралыкты 500 метрге чейин сактап, туманга каршы фараларды күйгүзүп, ылдамдыкты ашырбай айдоого чакырат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар