Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу сел суулардан тазалоо үчүн эки тараптуу жабылды

 Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу сел суулардан тазалоо үчүн эки тараптуу жабылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу сел сууларынан тазалоо үчун эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-апрелде саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тазалоо иштерин жургүзүү максатында № ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда каттам эки тараптуу жабык .Кошумча маалымат берилет.

Жанылыктар