Ош: Сары-Таш айылына 250 гектар жерге логистикалык борбор куруу пландалып жатат

 Ош: Сары-Таш айылына 250 гектар жерге логистикалык борбор куруу пландалып жатат

Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Таш айылына логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу кечээ, 26-январдагы коллегиялык жыйында райондун акими Каныбек Апбасов билдирди. 

Акимдин маалыматына ылайык, логистикалык борбор курууга Сары-Таш айылынан 252 гектарга чейин жер трансформацияланып, жергиликтүү элеттиктер макулдугун берген.

Район башчысы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон мамлекеттик казынадан каражат бөлүп берүүнү өтүндү. Логистикалык борбор курула турган болсо беш миңге чейин жумуш орундары түзүлүп, коңшу өлкөдөн келген транзиттик жүктөрдү бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

“250 гектардын 150 гектар жеринде таңгактай турган, орг техникаларды чыгара турган телевизор, тиричик техникаларын чогулта турган ар кандай багыттагы чакан ишканалар болот. Андан тышкары 100 гектар жерге кызмат көрсөтө турган ишканалар курулат. Инвестициялык долбоор түзүлүп, жердин трансформация иштери бүткөндөн кийин Акылбек Жапаров дагы жардам берем деди. Жумушчу топ түзүлөт. Ошонун негизинде адистер сметасын чыгарып берсе долбоорду ишке ашырып баштайбыз”,- деди Апбасов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүк дээңгелде комиссия түзүп, долбоорду быйылкы жылдан калбай каралышын убадалады.

Жанылыктар