Ош: папандыктар оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жатканын айтып милицияга кайрылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын тургундары оор жүк ташуучу унаалар ашыкча салмакта жүк жүктөп жолдорду бузуп жаткандыгын айтышып милицияга кайрылышты.
Жергиликтүү тургундар милициядан аталган айылдардын аймагына жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерин бөлүүнү суранышкан.
“Тургундар айтып жаткан Папан, Кожо-Келен айылдарындагы жол. Ал жолдон көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар өтөт”,- деди милициянын басма сөз катчысы.
Жолду бузуп жатат делген кайсы көмүр кендин жүк ташуучу унаалары экенин милиция ачыктаган жок. Бирок тургундардын өтүнүчү менен жакынкы күндөрү бул аймакка жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери график боюнча иш алып баруусу пландаштырылып жатканын кошумчалады.
Былтыр октябрь айында Ош — Папан жолун бириктирген негизги чоң жолдогу көпүрө көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унааны көтөрө албай кулап түшкөн. Анын ордуна өтмөк курулуп, мамлекеттин эсебинен беш миллион сом сарпталган.
Бул окуяларга чейин да тургундар Папандагы көмүр кендер экологияга, жүк ташуучу унаалары жолду бузуп жатканын билдирип бир канча ирет жол тосушкан. Бирок жыйынтык болгон эмес.