Ош ОИИБ: террористтик уюмдун жактоочусу кармалды

 Ош ОИИБ: террористтик уюмдун жактоочусу кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 1-февралда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган террористтик уюмунун жактоочусу кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ош облусунун 38 жаштагы Ж.Э аттуу тургуну социалдык тармактар аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган террористик жана экстремисттик уюмдардын материалдарын уюлдук телефон аркылуу таркатып жүргөндүгү аныкталып, юридикалык баа берүү максатында кармалган.

““Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” террористик уюмунун (2016-жылдын 17-март күнү Ош шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган)  жакын колдоочусу катары бааланып, социалдык тармактарда чакырыктарын таратып жүргөндүгү айкын болгон”,- деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул факты боюнча Жазык Кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) негизинде  кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Соттук экспертизалардын жыйынтыгы менен алынган материалдардын курамында мыйзамда тыюу салынган диний-экстремисттик материалдар бар экендиги тастыкталган. Учурда тергөө иштери аяктап, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Жанылыктар