ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ош ОИИБ: Кара-Сууда жоголгон 114 миң долларды милиция алган деген маалымат жалган

 Ош ОИИБ: Кара-Сууда жоголгон 114 миң долларды милиция алган деген маалымат жалган

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык учурунда жоголгон акчаларды милиция кызматкери алып алган деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. 

Милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, былтыр 13-декабрда Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө орун алган куралдуу каракчылык боюнча алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондой эле каракчылык учурунда жабырлануучудан кылмышка шектүүлөр тартып алган 114 миң 250 доллар окуя болгон жерден табылган эмес.

“Бул окуя боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп акчаны табуу боюнча ыкчам- тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми ошол окуя учурунда катышкан милиция кызматкерлеринин аракетине баа берүү боюнча ИИМнин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн. Азыркы кезде жоголгон акчаны милиция кызматкерлери алып алгандыгы боюнча далил жок”,- деп билдирди милициядан.

Ошондуктан милиция жоголгон акчаны опер кызматкер өзүнө ыйгарып алган деген маалымат чындыкка туура келбейт жана такталбаган маалымат деп кошумалады.

13-декабрда Кара-Суу шаарында болгон куралдуу каракчылыкка шектелип мурда соттолгон үч киши кармалган. Окуя болгон жерде “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөлгөн.

Жанылыктар