ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ош облусунун аймагында жер титиреди

 Ош облусунун аймагында жер титиреди

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө кечээ, 12-декабрда саат 18:22де болгон. Силкинүүнүн очогундагы күчү 3 баллга жеткен.

Ал эми Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында, Ноокат районунун Алмалык, Жатан, Үчбай айылдарында 2,5 баллды түзгөн.

Табият кырсыгынын кыйроо жок, жабыркагандар катталган жок.

Жанылыктар