Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кечээ, 23-январда Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Табият кырсыгы саат 15:48де болуп, Алай районунун Ак–Босого, Кызыл-Алай айылдарында 3 балл, Арча – Булак, Кичи – Алай айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожо-Келен айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.