Ош облусунда пахта талаасы кеңейүүдө

Ош облусунун Араван районунда дыйкандар пахта эгүүнү баштады. Ош ТВ телеканалынын кабарчысы жеринен билдиргендей, үрөөн себүү иштерине облус башчысы Зиядин Жамалдинов катышып, жазгы талаачылык иштеринин жүрүшүн көрдү.
Быйыл дыйкандар Кытайдын К 65 уругун алып келип, алгачкы жолу Араванга эгип жатышат. Анын өзгөчөлүгү тез өнөт жана курт түшпөйт.
Быйыл облус аймагына 11 гектар жерге ак алтындын үрөөнүн себүү пландалууда. Бул былтыркыга караганда 3 гектарга көп. Ал эми күнөстүү Араван районунун дыйкандары өткөн жылы 10 900 тонна ак алтын өндүргөн.