Ош облусунда мал уурулук менен алектенген 25 жаран аныкталды

 Ош облусунда мал уурулук менен алектенген 25 жаран аныкталды

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 10-13-февралда өткөргөн рейдде мал уурулук менен алектенген 25 жаран аныкталып, үчөө кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чарада мал базарлардын ишинин жүрүшүндө көчмө посттор уюштурулуп, мыйзамсыз мал союлган жерлерди аныктоо боюнча иш жүргүзүлгөн.

“Облус аймагында жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон 3 жаран аныкталган. Ошондой эле, Араван районунда уурулук боюнча издөөдө жүргөн 1 жаран жана Кара-Суу районунун Фурхат айылында уурулук менен алектенип жүргөн эки жарандар кармалган”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле уурдалган малды сатуу мүмкүн болгон 60 жер, анын ичинде 10 мал базары, 10 мал союучу жай, эт азыктарын сатуучу 40 эт сатуучу жай, ошондой эле малдын терилерин сатып алуу жана кайра иштетүүчү жайлар текшерилип, мал уурулук менен алектенген 25 жаран аныкталган, анын ичинен: 10 жаран мурда мал уурдаганы үчүн соттолгон, 4 жашы жете элек өспүрүмдөр каттоодо турат жана башка ыкчам кызыкчылык туудурган 8 жаран маалым болгон.

Жанылыктар