Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титиреди

Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институтунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.