Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 30-мартта саат 02:57де Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында үч балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жанылыктар