Ош облусу заманбап медициналык мекемелерге муктаж

 Ош облусу заманбап медициналык мекемелерге муктаж

Ош облусундка 28 Фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) талапка жооп бербейт. Бул туурасында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин Оштогу социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Облус башчысы мындан тышкары 15 ФАП капиталдык ремонтко муктаж экенин кошумчалады.

“Бул маселелерди чечүүгө республикалык бюджеттен акча бөлүнбөсө анда, инвесторлордун жардамы менен жаңы имараттарды куруу аракетин көрөбүз”,-деди Жамалдинов.

Алыскы райондорго барып иштеген кадрлардын аздыгынан облуста медицина кызматкерлери дагы тартыш болуп жатканы айтылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар