Ош облусу парламенттик шайлоого даяр

Бүгүн, 24-ноябрда шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу- техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Ош облустук штабынын акыркы отуруму өттү. Анда алдыдагы шайлоону өткөрүүдө шайлоо участокторунун даярдыгы айтылып, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү маселелери каралды.
Мындан мурун координациялык кеңешмеде райондордогу шайлоо участокторунун кемчиликтери айтылды. Алардын үстүндө иштөө тапшырмалары буга чейин берилген. Шайлоону таза өткөрүү боюнча 4 жолу штабдын отуруму өткөн. Мамлекеттик кызматкерлердин бир талапкердин же бир партиянын артынан жүгүрүүсүнө жана үгүт иштерине аралашпоосуна катуу талаптар коюлуп, тыкыр көзөмөлгө алынган. Ош облусу боюнча 515 шайлоо участогу бар. 765 миң 265 шайлоочуну кабыл алат.