Ош облустук соттун төрагасы кызматкерлеринин нааразычылыгы боюнча үн катты. Видео

 Ош облустук соттун төрагасы кызматкерлеринин нааразычылыгы боюнча үн катты. Видео

Ош облустук соттун төрагасы Алмазбек Абдылдаев аппарат кызматкерлеринин айлыгынын аздыгы боюнча нааразычылыкка түшүндүрмө берди. Ал айлыкты көтөрүү маселеси жакын арада эле чечилип калбай турганын билдирди. 

Буга чейин Финансы министрлиги судьялардын айлыгы 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулаганын билдирген. Бирок көп өтпөй эле Жогорку сот бул маалыматты четке какты.

Ал арада Ош шаардык жана облустук соттун аппарат кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышып, айылктарынын аз экенин айтышты. Соттун төрагасы кызматкерлерге жабык жыйын өткөрөрүн айтып, журналисттерди киргизген жок.

Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев кызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча башкы сот департаменти менен макулдашылгандан кийин гана так маалымат айта турганын билдирди.

“Муну ал жактагы тиешелүү органдар эсеп-кысабын чыгарып, бизге так маалымат бергенден кийин биз аппарат кызматкерлерине, сот  кызматкерлерине так маалыматты айта алабыз. Анткени кыргыз коомчулугундагы башка кесиптин ээлеринен юристтердин айырмачылыгы де-фактого эмес, юрфактыга ишенет. Ошондуктан биз юр-факты боюнча иш алып барабыз деп эсептейм. Апарат туура түшүндү. Эч кандай митинг эмес. Эч кандай наарызычылык эмес. Жыйын сыяктуу эле келип айлык көтөрүлөбү деген үмүт менен келишти”,- деди Абдылдаев.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Турат кызы билдиргендей, соттун аппарат кызматкерлери алты миң сомдон сегиз миң сомго чейин айлык алса, соттун жардамчылары 12 миң сомго чейин ал эми соттор өздөрү 60 миң сомго чейин алышат.

Жанылыктар