Ош милициясы ок тийген 13 жаштагы баланын абалы жакшы экенин билдирди

 Ош милициясы ок тийген 13 жаштагы баланын абалы жакшы экенин билдирди

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында ок тийген 13 жаштагы баланын абалы жакшы экенин кабарлады. 

Маалыматына ылайык, милицияга 20-январь күнү кечинде Дыйкан-Кыштак айылынын 13 жаштагы жашоочусу белгисиз ок атуучу куралдан денесине жаракат алып ооруканага түшкөндүгү боюнча маалымат келген. Кароо жүргүзүү учурунда окуя болгон жерден бир 9мм ПМ үлгүсүндөгү ок атуучу курал, эки магазин 15 даана октору менен жана бир атылган октун гильзасын алышкан.

“Алгачкы текшерүү иштердин жүрүшүндө белгилүү болгондой аталган жерде жашаган үйдүн ээси 50 жаштагы ички иштер органынын кызматкери А.А  2022-жылын 20-январь күнү Ош ОИИБдин ыкчам тергөө тобунда жооптуу кызматкер катары жумушка жөнөп жаткан кезде,  өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу  9мм Макаров  тапанчасын эки даана магазин жана 16 (он алты) даана октору менен жуунуучу бөлмөнүн сыртына столго калтырып жуунганы кирип кеткен кезде мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И тапанчаны кызыгып колуна алып ойноп жатып атып алган”,- деп айтылат милициянын маалыматында.

Милициядан кошумчалагандай, жарат алган бала Ош шаардык ооруканага жеткирилген. Анын ички органдары жабыркаган эмес, көкүрөктүн сол тарабына ок тийген. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Сүрөт интернеттен алынды.

Жанылыктар