Ош мэриясынын мурдагы кызматкеринин жашырган салыктары ашкереленди

 Ош мэриясынын мурдагы кызматкеринин жашырган салыктары ашкереленди

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Шүкүрали Мадаминовго тиешелүү фирма жашырган салыктар ачыкталды. Бул тууралуу Ош шаардык салык кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, салык кызматы “Долбоор” Ачык акционердик коомунун 2 миллион 446 миң 900 жүз сом, Тогуз-Булак ЖЧКсынын 62 миң 100 сом жашырган салыктарын таап чыккан.

Мындан сырткары Маклер-Фетва ЖЧКсынын жетекчиси Мамасадык Балтаев табылбай жатканына байланыштуу текшерүү иштери токтоп турат. Бул фирма Мадаминовдун бир тууган жээние таандык.

“Бул фирмалар мурда азыраак салык төлөп жүргөн, толук көрсөтпөй. Толук кандуу төлөбөй жүргөн десек да болот. Аны биз текшерип таап чыктык”,- деди Ош шаардык салык кызматынан.

“Долбоор” Ачык акционердик коому

Юстиция министрлигинде “Долбоор” Ачык акционердик коомунун жетекчиси катары Мадаминов Шукурали Астанович көрсөтүлгөн. Ал буга чейинки интервьюсунда акционердик коомдун негиздөөчүсү экенин да билдирген.

Мадаминовдун уулу Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Акматали Мадаминов “Долбоор” ААКнын 2011-жылдан бери генералдык директору экендигин фейзбуктагы баракчасында көрсөткөн.

Шүкүрали Мадаминов Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси, баласы Акматали Мадаминов Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп турган учурда “Долбоор” ААК мамлекеттик сатып алууларга катышып, 10 миллион сомдон ашык тендерлерди уткан. Анын ичинен Ош шаардык мэриясына тиешелүү тендерлерди да уткан.

Жанылыктар