Ош мэриясынын 5 кызматкери ардактуу эс алууга узатылды

Ош шаарынын мэриясынын пенсия курагындагы 5 кызматкери ардактуу эс алууга узатылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мэриянын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов, мэриянын коргоо, коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Турсунай Айтматова, мэриянын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Кайрынса Маматова, мэриянын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Адалат Осмоналиева, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбеков бүгүн ардактуу эс алууга кетишти.
Калаанын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп, узак жылдар мэрияда эмгектенген кызматкерлерге мэр Алмаз Мамбетов жана мэриянын аппараты ыраазычылык билдирди.