Ош мэриясы троллейбус жана электробустарды сатып алат

 Ош мэриясы троллейбус жана электробустарды сатып алат

Ош шаардык мэриясы 15 жаңы троллейбус жана электробустарды сатып алат. Бул туурасында мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев Facebook социалдык тармагында түз эфир учурунда айтты.  

Жунусбаев шаарда үчүнчү троллейбус линиясы ишке киргизиле турганын белгилеп, ал үчүн жаңы унаалар сатылып алына турганын билдирди.

“12 чакырымды түзгөн жаңы троллейбус линиясы Ак-Тилек кичи районунун багыты боюнча ачылат. Ошондуктан жаңы техникаларды алуу маселесин караштырып жатабыз”,-деди мэрдин орун басары.

Ал мындан тышкары 200 автобус сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.

Белгилесек, шаардык бийлик акыркы жолу Өзбекстан мамлекетинен 50 жаңы автобус сатып алган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар