Ош мэриясы суу жеткирүү үчүн арыздарды кабыл алып жатат

 Ош мэриясы суу жеткирүү үчүн арыздарды кабыл алып жатат

Ош шаарында кичи райондорго суу жеткирүү боюнча арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, шаардын тургундары арыз берүү үчүн төмөндөгү телефон номерлерге байланышуусу керек.

Ош шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам шаардын бир катар кичи райондорунда суу үзгүлтүккө учурагандыктан “Ошсууканал” муниципалдык ишканасы суу жеткирүү үчүн арыздарды кабыл алууда. Арыздар 105, 8-11-15, 8-11-51, (0553)200-105, (0556) 153-526 номерлери аркылуу кабыл алынат.

Учурда 10 суу ташыгыч унаалар менен жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар