Ош мэриясы шаардыктарды таза суу камдап алууну эскертет

Нѳшѳрлѳп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайкалыгы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулду.
Таза суу камдап алууңуздарды суранабыз. Системада (суу кампа, суу түтүк) 2-3 саат суу болот.
Жарандарды сабырдуулукка чакырабыз жана убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз.
Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.