Ош мэриясы Семетеевди орун басары менен кызматтан четтетти

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеев жана анын орун басары Канышай Имарова кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 03-141-2022-0000001 сандуу кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдары аяктаганга чейин КРнын Эмгек кодексинин 76-беренесинин 1-пунктуна, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык убактылуу кызматтан четтетүү тууралуу бүгүн мэрдин буйругу чыккан.
Жетекчинин кызматтык милдеттерин убактылуу аткаруу башкармалыктын жерлерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Эмиль Туленбаевге жүктөлдү.