Ош: Кара-Суунун Кызыл-Туу айылына таза суу чыгарылды

 Ош: Кара-Суунун Кызыл-Туу айылына таза суу чыгарылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Туу айылына Кувейт мамлекетинин Ас-Сафа кайрымдуулук фондунун жардамы менен таза суу чыгарылды. 

Бүгүн, 24-январда таза суу обьектисинин ачылышы болуп, ага кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Таза суу чыгарууга Ас-Сафа кайрымдуулук фонду төрт миллион сомго жакын каражат бөлсө, жергиликтүү бийлик 200 миң сом ал эми айылдын чет жерде иштеген тургундары 500 миң сом жиберишкен.

Элеттиктер буга чейин дарыядан суу ташуу эң негизги көйгөй болгондугун, анын үстүнө көмүр кенден чыккан саркынды суулар дарыяга кошулгандыктан ичүүгө мүмкүн болбой калганын белгилешти. Таза суу тартууга резервуар куруу иштерин жергилктүүлөр ашар жолу менен ишке ашырган.

Айыл өкмөт башчысы Нурзаман Алимбековдун айтымына караганда, Папан боюнча дагы бир айылга таза суу жете элек. Быйыл ал айылга да таза суу чыгаруу боюнча иштер аткарылат.

Жанылыктар