Ош: Кара-Суу менен Ноокат шаарларына жаңы мэр келди

 Ош: Кара-Суу менен Ноокат шаарларына жаңы мэр келди

Ош облусунун Кара-Суу шаарына Бакытбек Женалиев жана Ноокат шаарына Улан Турганбаев мэр болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка райондун акимдери бүгүн, 3-февралда кол койгон. 

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, Кара-Сууга мэр болгон Бакытбек Женалиев буга чейин Нарын облусунун Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми Ноокаттын мэри Улан Турганбаев буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Жанылыктар