Ош: Кара-Кулжада сел жүрдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө кокту-колоттордон келген суу Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5 чакырым ички чарбалык жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” балансындагы эгин сугаруучу каналындагы суу ташып 25 турак үйлөрдүн короо-жайына агып кирген.
Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилди. Жабыркагандар жок.