Ош: Изделип жаткан жарандын жансыз денеси каналдан табылды

 Ош: Изделип жаткан жарандын жансыз денеси каналдан табылды

Ош шаарында каналдан 55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМ тарабынан маалым болду.

Ага ылайык, 16-августтан бери ИИМдин кызматкерлери тарабынан изделип жаткан 1967-жылы тулган М.Ш. аттуу эркек киши Түштүк кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришкен.

18-август күнү каналдын жээктерин издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, саат 14:40та жансыз денеси суудан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Жанылыктар