Ош-Бишкек каттамында жүргүнчү ташуучу маршруттук унааларга тыю салынды

 Ош-Бишкек каттамында жүргүнчү ташуучу маршруттук унааларга тыю салынды

15-октябрь тартып, Ош-Бишкек каттамына каттаган жүргүнчү ташуучу маршруттук унааларга каттамга чыгууга тыю салынат.
Ош ШИИБ боюнча кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыскы аймактарга каттаган айрыкча Ош-Бишкек маршруттук унаалардын айдоочуларына 15-октябрь күнүнөн тартып, каттамга чыгууга тыю салынгандыгын эскертүүдө.
Буга чейин мурдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, жүргүнчү ташыган маршруттук унаалар 1-майдан тартып, 15-октябрга чейин кана жайкы мезгилде каттачу.
Ошондой эле азыртадан баштап кышкы мезгилге даярдануу керек экендигин эскертишүүдө

Жанылыктар